Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төөлөс айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги жетинчи сессиясы
2025-жыл 3-июль № 7-12
Жер тилкесинин максаттуу багытын өзгөртүү жөнүндө
Жайылма айылынын тургуну Мадалов Аваздын жеке менчигине катталган 0,80 га жер аятынын ичинен 0,05 га жер аянтын “Мечит” багытына өзгөртүү жөнүндөгү жеке арызын канааттандыруу максатында, “Айыл, суу, жерге жайгаштыруу, жаратылышты коргоо, экология, транспорт, курулуш, өнөр жай, кайра иштетүү жана энергетика” боюнча туруктуу комиссиясынын макулдугуна ылайык, Төөлөс айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат
1. Жайылма айылынын тургуну Мадалов Аваздын жеке менчигине катталган 0,80 га жер аятынын 0,05 га жер аянтын “Мечит” багытына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын бүтүрүү жагы айыл өкмөтүнүн тиешелүү кызматкерлерине жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “Айыл, суу, жерге жайгаштыруу, жаратылышты коргоо, экология, транспорт, курулуш, өнөр жай, кайра иштетүү жана энергетика” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага : | А . Каразаков. |