Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төөлөс айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги сегизинчи сессиясы
01.08.2025. №8-1
“Мамлекеттик лизинг компаниясы» ААКнын 30.07.2025. № 1-08-2/210 сандуу каты тууралу
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 07.07.2025. № 633 тескемесине
ылайык, “Мамлекеттик лизинг компаниясы» ААК 30.07.2025. № 1-08-2/210 сандуу катындагы, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын кызматтык авто унаа менен камсыздоо жөнүндөгү маалымат менен таанышып жана талкуулап, Төөлөс айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. “Мамлекеттик лизинг компаниясы» ААК 30.07.2025. № 1-08-2/210 сандуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын кызматтык авто унаа менен камсыздоо жөнүндөгү каты колдоого алынсын.
2. Белгиленген тартипте «Мамлекетик лизинг компаниясы» ААК менен юридикалык иш кагаздарын түзүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М. Эшполотовко тапшырылсын.
3. Белгиленген тартипте лизинг боюнча төлөмдөрдү аткаруу үчүн айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен тиешелүү жылдарга акча каражатын ажыратуу боюнча иштерди алып баруу жагы Төөлөс айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы М. Эшполотовко ФЭБ башчысы А Тешебаевага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага : | А . Каразаков. |