Загрузка документа…
ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН
ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Төрт-Гүл айылдык кеңешинин
I чакырылышынын кезексиз ХV ачык сессиясы
2026-жылдын 17-марты № 79
2024-жылдын 13-сентябрындагы №28-9 «Төрт-Гүл айыл
аймагынын “Ардактуу жараны” наамын ыйгаруу жөнүндө»
токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Төрт-Гүл айылдык кеңешинин төрагасы Ж.К. Маматкеримовдун 2024-жылдын 13-сентябрындагы №28-9 “Төрт-Гүл айыл аймагынын Ардактуу жараны” наамын ыйгаруу жөнүндө токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу маалыматын угуп жана талкуулап, Төрт-Гүл айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. 2024-жылдын 13-сентябрындагы №28-9 “Төрт-Гүл айыл аймагынын Ардактуу жараны” наамын бекитүү жөнүндө токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомчулук менен байланыш боюнча комиссияга жүктөлсүн.
2026-жылдын 9-апрелинде http://petrovka.kg/?m=202604 расмий сайтында жарыяланды
Төрага | Ж.К. Маматкеримов |
| Төрт-Гүл айылдык кеңешинин 2026-жылдын 17-мартындагы № 79 токтому менен бекитилген |
ЖОБО
Төрт-Гүл айыл аймагынын Ардактуу жараны жөнүндө
I. Жалпы жоболор
1. Төрт-Гүл айыл аймагынын жамаатынын алдында жарандардын өзгөчө эмгегин таануу максатында, мамлекеттик, өндүрүштүк, илимий-изилдөө, социалдык-маданий, саясий, коомдук, кайрымдуулук жана башка ишмердүүлүктөгү өзгөчө жетишкендиктери үчүн, калктын жашоо шарттарын жакшыртууга, Төрт-Гүл айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө салым кошкондугу үчүн, жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоого, жаш муунду тарбиялоого, мыйзамдуулукту жана укук тартибин сактоого, Ата Мекенди коргоого, кызматтык жана жарандык милдетин аткарууда көрсөткөн жеке кайраттуулугу жана баатырдыгы үчүн, ошондой эле Төрт-Гүл айыл аймагынын жыргалчылыгын жана гүлдөп-өсүшүн камсыздоого багытталган жеке ишмердүүлүгүн колдоо максатында «Төрт-Гүл айыл аймагынын Ардактуу жараны» наамы ыйгарылат.
2. «Төрт-Гүл айыл аймагынын Ардактуу жараны» наамы Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Москва районуна караштуу Төрт-Гүл айылдык кеңешинин төрагасы тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарына жана чет өлкөлүк жарандарга жекече ыйгарылат жана кайра кайтарылып алынбайт.
3. «Төрт-Гүл айыл аймагынын Ардактуу жараны» наамы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматындагы адамдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жогорку кызмат адамдарына, жергиликтүү администрациянын башчыларына ыйгарылбайт.
Бул кызматтардын бирин ээлеп турган адамга аталган наам анын ыйгарым укуктары же кызмат мөөнөтү аяктагандан кийин кеминде алты ай өткөн соң гана ыйгарылышы мүмкүн.
4. «Төрт-Гүл айыл аймагынын Ардактуу жараны» наамы соттолгондугу жоюлбаган же алынбаган адамдарга ыйгарылбайт.
5. «Төрт-Гүл айыл аймагынын Ардактуу жараны» наамына татыктуу болгон адамга «Төрт-Гүл айыл аймагынын Ардактуу жараны» деген жазуусу бар эстелик тасма, Ардактуу жарандын Ардак грамотасы, төш белгиси жана күбөлүгү тапшырылат. Алардын жоболору жана сүрөттөлүшү Төрт-Гүл айылдык кеңешинин токтому менен бекитилет. Ошондой эле анын аты Төрт-Гүл айыл аймагынын Ардактуу жарандарынын китебине киргизилет.
II. «Төрт-Гүл айыл аймагынын Ардактуу жараны» наамын
ыйгаруунун негиздери жана тартиби
1. «Төрт-Гүл айыл аймагынын Ардактуу жараны» наамын ыйгаруунун негиздери болуп төмөнкүлөр саналат:
а) узак жылдар бою натыйжалуу кайрымдуулук жана демөөрчүлүк ишмердүүлүк жүргүзгөндүгү;
б) Кыргыз Республикасынын, Төрт-Гүл айыл аймагынын жана Москва районунун тургундарынын жыргалчылыгы үчүн эрдик аракеттерди жасагандыгы;
в) мамлекеттик, муниципалдык, саясий, илимий, маданий, чарбалык, коомдук же башка ишмердүүлүк тармактарында жетишкен өзгөчө натыйжалары үчүн Төрт-Гүл айыл аймагынын жана Москва районунун тургундары арасында кеңири таанылган эмгеги;
г) райондук түзүмдүн системасында (уюмдарында жана мекемелеринде) кеминде 20 жыл үзүрлүү иштеп, Төрт-Гүл айыл аймагынын тургундары арасында туруктуу жана кеңири таанымал болгондугу;
д) айыл аймагына жана районго түздөн-түз жана олуттуу практикалык таасир тийгизген, анын ичинде өзгөчө кырдаал (ӨК) жана өзгөчө абал (ӨА) шарттарында коомдук мааниге ээ жемиштүү ишмердүүлүгү жана жеке эмгек сиңиргендиги;
е) тарыхый жана маданий мурастарын сактоого кошкон салымы;
ж) айыл аймагынын тургундарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылгандыгы.
2. Чет өлкөлүк жарандарга «Төрт-Гүл айыл аймагынын Ардактуу жараны» наамы ушул бөлүмдүн 1-пунктунда каралбаган негиздер боюнча да ыйгарылышы мүмкүн, анын ичинде бул наамды ыйгаруунун коомдук-саясий мааниси жогору болгон учурларда.
3. «Торт-Гүл айыл аймагынын Ардактуу жараны» наамын ыйгаруу боюнча сунуштарды Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы жана Төрт-Гүл айылдык кеңешинин төрагасы киргизе алат.
4. Наам ыйгаруу боюнча сунуш айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынып, төрага тарабынан ар бир талапкер боюнча өзүнчө тартипте каралат.
5. Сунушка төмөнкү документтер тиркелет:
а) талапкерди көрсөтүү жөнүндө айылдык кеңештин жыйынынын протоколу;
б) талапкердин өндүрүштүк, илимий, коомдук жана башка ишмердүүлүктөрүндөгү өзгөчө жетишкендиктерин камтыган кеңири өмүр баяны, тастыктоочу документтер менен кошо (паспорттун көчүрмөсү, эмгек китепчесинин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү, дипломдордун жана башка билим берүү документтеринин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү, сыйлыктар жөнүндө документтер жана башка далилдер);
в) 3х4 өлчөмүндөгү эки даана сүрөт.
6. Өз талапкерлигин өзү көрсөткөн адамдардан түшкөн сунуштар каралбайт.
7. Наамды каза болгондон кийин (посмертно) ыйгаруу каралбайт.
8. «Төрт-Гүл айыл аймагынын Ардактуу жараны» наамын ыйгаруу маселеси тиешелүү комиссия тарабынан каралат.
9. Бул наам жылына бир жолу, эң көп дегенде 6 талапкерге ыйгарылат.
10. Наам ыйгаруу маселесин кароо жана чечим кабыл алуу талапкердин катышуусуз жүргүзүлүшү мүмкүн.
11. «Төрт-Гүл айыл аймагынын Ардактуу жараны» наамы мурда «Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Ардак грамотасы» менен сыйланган адамдарга ыйгарылат.
12. Жарандарга мааракелерине байланыштуу бул наамды ыйгарууга жол берилбейт.
13. «Төрт-Гүл айыл аймагынын Ардактуу жараны» наамы кайрадан ыйгарылбайт. Начало формыКонец формы
III. Комиссиянын курамы, түзүмү жана ишин уюштуруу
1. Комиссиянын курамына Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы, Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары, айылдык кеңештин төрагасы, айылдык кеңештин депутаттары, айылдардын старосталары кирет. Комиссиянын катчысы болуп айылдык кеңештин жооптуу катчысы эсептелет. Комиссиянын курамы Төрт-Гүл айылдык кеңешинин төрагасы тарабынан бекитилет.
2. Төрт-Гүл айылдык кеңешинин төрагасы Комиссиянын төрагасы болуп саналат.
3. Комиссиянын жыйындарын анын төрагасы өткөрөт.
4. «Төрт-Гүл айыл аймагынын Ардактуу жараны» наамын ыйгаруу жөнүндө чечим Комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынып, Комиссиянын чечими менен таризделет.
5. Комиссиянын жыйыны анын мүчөлөрүнүн жарымынан көбү катышкан учурда ыйгарым укуктуу деп эсептелет.
6. Добуштар тең болуп калган учурда, төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү болуп саналат.
7. Комиссиянын протоколдору жана чечимдери катчы тарабынан жүргүзүлөт, Төрт-Гүл айылдык кеңешинин жооптуу катчысы тарабынан сакталат жана мыйзамда белгиленген тартипте Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн архивине өткөрүлүп берилет.
8. Комиссиянын чечиминин негизинде Төрт-Гүл айылдык кеңеши «Төрт-Гүл айыл аймагынын Ардактуу жараны» наамын ыйгаруу жөнүндө токтом кабыл алат.
9. «Төрт-Гүл айыл аймагынын Ардактуу жараны» наамын ыйгаруу боюнча иштерди уюштуруу Комиссиянын катчысы тарабынан жүзөгө ашырылат.
10. Комиссия жана анын катчысы өз ишин ушул Жобого ылайык жүргүзөт.
IV. Комиссиянын функциялары
Комиссия:
· «Төрт-Гүл айыл аймагынын Ардактуу жараны» наамын ыйгаруу боюнча сунуштарды кабыл алат жана карайт, ушул маселеге байланыштуу келип түшкөн документтерди жана материалдарды изилдейт, зарыл болгон учурда кошумча документтерди жана маалыматтарды талап кылат, ошондой эле көрсөтүлгөн талапкерлер (мындан ары – талапкерлер, талапкер) жөнүндө кошумча маалыматтарды сурап алат;
· Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы жана айылдык кеңештин төрагасы тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлерге «Төрт-Гүл айыл аймагынын Ардактуу жараны» наамын ыйгаруу же талапкерлигин четке кагуу жөнүндө чечим кабыл алат;
· зарыл болгон учурда талапкерди комиссиянын жыйынына чакырат, анда аталган талапкерге «Төрт-Гүл айыл аймагынын Ардактуу жараны» наамын ыйгаруу маселеси каралат.
V. Төрт-Гүл айыл аймагынын Ардактуу жарандарына
регалияларды тапшыруу жана урмат көрсөтүү тартиби
1. Төрт-Гүл айыл аймагынын Ардактуу жаранынын грамотасына Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы жана айылдык кеңештин төрагасы кол коёт.
2. Төрт-Гүл айыл аймагынын Ардактуу жараны наамына татыган адамга грамота жана эстелик тасма Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан салтанаттуу кырдаалда тапшырылат.
2.1. Эгерде сыйлануучу адам оорунун, туруктуу эмгекке жарамсыздыктын же ден соолугунун чектелгендигинин айынан сыйлык тапшыруу аземине келе албаса, сыйлык ага жашаган же жаткан жеринде тапшырылышы мүмкүн.
2.2. Төрт-Гүл айыл аймагынын Ардактуу жараны наамын ыйгаруу тууралуу маалымат райондук жалпыга маалымдоо каражаттарында, айылдык кеңештин сайтында же Төрт - Гүл айыл өкмөтүнүн социалдык баракчаларында жарыяланат.
3. Төрт-Гүл айыл аймагынын Ардактуу жарандарынын ысымдары хронологиялык тартипте Ардактуу жарандардын китебине киргизилет. Бул китеп Төрт-Гүл айылдык кеңешинин жооптуу катчысында туруктуу сакталат.
4. Төрт-Гүл айыл аймагынын Ардактуу жарандары бул наамды өз аты-жөнү менен бирге ачык колдонууга укуктуу. Бул наамды ыйгаруу башка кошумча укуктарды же жеңилдиктерди бербейт.
5. Төрт-Гүл айыл аймагынын Ардактуу жарандары мамлекеттик майрамдарга, Төрт-Гүл айыл аймагынын майрамдарына жана эскерүү күндөрүнө, ошондой эле башка маанилүү иш-чараларга Төрт-Гүл айыл өкмөтү тарабынан чакырылышы мүмкүн.