Загрузка документа…
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу шаардык кеңешинин кезексиз VII сессиясы
2025-жылдын 28-апрели № 7/2
Жер аянтын трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы №145 “Жерлерди которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү” Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 сандуу токтомун, Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 25-апрелиндеги корутундусу, 2023-жылдын 16-мартындагы №5 Сарай айылдык кеңешинин токтомун жаңылоо үчүн түшкөн З.Абдикулованын арызын карап чыгып, талкуулап, Кара-Суу шаардык кеңеши токтом кылат:
1. Кара-Суу шаарындагы Киров айылынын күн чыгыш тарабындагы №1361 контурунда жайгашкан Абдикулова Зыйнат Алимбаеванын жеке менчик 0,30 га үлүш жер аянтына логистикалык борбор куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы шаар мэриясына, көзөмөлдөө жагы шаардык кеңешинин кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, курулуш, турак жай, жер маселелери жана жаратылышты коргоо боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы |
| Ж.Т.Полотов |