Загрузка документа…
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу шаардык кеңешинин кезексиз VII сессиясы
2025-жылдын 28-апрели № 7/3
Муниципалдык ишкана түзүү жөнүндө
Кара-Суу шаарынын Ж.Бөкөнбаев атындагы эс алуу багын көрктөндүрүү, жашылдандыруу, иретке келтирүү максатында Кара-Суу шаардык кеңешинин 2025-жылдын 28-апрелиндеги кезексиз сессиясынын протоколунун негизинде Кара-Суу шаардык кеңеши токтом кылат:
1. Кара-Суу шаарынын Ж.Бөкөнбаев атындагы эс алуу багын көрктөндүрүү, жашылдандыруу, иретке келтирүү максатында муниципалдык ишкана ачууга макулдук берилси.
2. Муниципалдык ишкананын Жобосу, Уставы, штаттык бирдиги иштелип чыгылсын жана керектүү иш кагаздар даярдалсын.
3. Бул токтомду мыйзам чегинде аткаруу жагы Кара-Суу шаар мэриясына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңешинин кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, курулуш, турак жай, жер маселелери жана жаратылышты коргоо боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы |
| Ж.Т.Полотов |