Загрузка документа…
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу шаардык кеңешинин кезексиз VII сессиясы
2025-жылдын 28-апрели № 7/4
Кара-Суу шаарынын Эркин айылындагы ветлечебницанын эски имараты жайгашкан 1460,83 га муниципалдык жер аянтын, Кара-Суу райондук ветеринардык башкармалыгынын балансына берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына ылайык жана Кара-Суу шаар мэриясынын 2025-жылдын 28-апрелиндеги №01-13/1591 сандуу катынын негизинде, Кара-Суу шаардык кеңеши токтом кылат:
1. Кара-Суу шаарындагы Эркин айылындагы ветлечебницанын эски имараты жайгашкан 1460,83 га муницпалдык жер аянтына, Кара-Суу райондук ветеринардык башкармалыгынын жаңы имаратын куруу үчүн, Кара-Суу райондук ветеринардык башкармалыгынын пайдалануусуна 1460,83 га жер аянтын берүүгө макулдук берилсин.
2. Кара-Суу шаар мэриясына керектүү иш кагаздарды даярдоо жагы жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, курулуш, турак жай, жер маселелери жана жаратылышты коргоо боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы |
| Ж.Т.Полотов |