Загрузка документа…
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу шаардык кеңешинин кезексиз VII сессиясы
2025-жылдын 28-апрели № 7/5
“Кара-Суу шаарынын Ардактуу Атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө
Кара-Суу шаарынын Коңурат айлынын тургуну Зульпукаров Гайыпназар Кочкоровичге “Кара-Суу шаарынын Ардактуу Атуулу” наамын ыйгаруу маселесин карап жана талкуулап шаардык кеңеши токтом кылат:
1. Кара-Суу шаарынын тургуну, көп жылдар бою мамлекеттик жоопту кызматтарды аркалап райондун жана шаардын өнүгүшүнө өз салымын кошуп келген Зульпукаров Гайыпназар Кочкоровичге “Кара-Суу шаарынын Ардактуу Атуулу” наамын ыйгарылсын.
2. “Кара-Суу шаарынын Ардактуу Атуулу” наамын ыйгаруу боюнча күбөлүк жана төш белгисин даярдап тапшыруу шаар мэриясына жүктөлсүн.
3. Бул токтомду мыйзам чегинде аткаруу жагы Кара-Суу шаар мэриясына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин социалдык маданий маселелер, маалымдуулук жаштар жана аялдар саясаты, спорт, илим, билим, саламаттыкты сактоо боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы |
| Ж.Т.Полотов |