Загрузка документа…
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу шаардык кеңешинин кезексиз VII сессиясы
2025-жылдын 28-апрели № 7/6
Муниципалдык ишкананы жоюу жөнүндө
Кара-Суу шаар мэриясынын алдындагы “Агрардык чарба жүргүзүү” муниципалдык ишканасын жоюу боюнча шаар мэриясынын 2025-жылдын 24-апрель №01-13/1565 сандуу катын карап жана талкуулап чыгып, Кара-Суу шаардык кеңеши токтом кылат:
1. Кара-Суу шаар мэриясынын алдындагы “Агрардык чарба жүргүзүү” муниципалдык ишканасын жоюуга макулдук берилсин.
2. Бул токтомду мыйзам чегинде аткаруу жагы Кара-Суу шаар мэриясына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт, соода, байланыш, энергетика боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы |
| Ж.Т.Полотов |