Загрузка документа…
ЧОЛПОНБАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чолпонбай айылдык кеңешинин II чакырылышынын
кезектеги 10-сессиясы
2026-жылдын 26-январы № 9
Чолпонбай айылынын Шалтак көчөсүнө Мырзабаев Сагадылданын атын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Ченемдик укуктук актылар жөнүндө Мыйзамдарына ылайык, Чолпонбай айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Чолпонбай айылдык кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Буура районуна караштуу Чолпонбай айылдык кеңешинин VII чакырылышынын 2019-жылдын 4-февралындагы кезектеги 1-сессиясынын №3 токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Чолпонбай айыл аймагынын Чолпонбай айылынын Шалтак көчөсүнүн башынан аягына чейин Чолпонбай айылынын тургуну Мырзабаев Сагадылданын аты ыйгарылсын.
3. Ушул токтом Чолпонбай айылдык кеңешинин расмий веб-сайтында жарыялансын.
4. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы ушул токтомду каттоого алсын жана көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Талас облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чолпонбай айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төраганын орун басары |
| Н. Момунбаев |