Загрузка документа…
ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН
ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Төрт-Гүл айылдык кеңешинин
I чакырылышынын кезексиз ХV ачык сессиясы
2026-жылдын 17-марты № 81
«Беш-Терек Нур» бала бакчасында тамактануу нормасын бекитүү жөнүндө
Бюджет, финансы, муниципалдык менчик, архитектура, курулуш жана транспорт, тышкы экономикалык байланыштар жана ишкердик ишмердүүлүк боюнча комиссиянын төрайымы З.Т. Валиеванын маалыматын угуп жана талкуулап, ошондой эле 2026-жылдын 16-февралындагы №4 протоколдун негизинде «Беш-Терек Нур» бала бакчасынын ата-энелер жыйынынын чечимин эске алуу менен, Төрт-Гүл айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. «Беш-Терек Нур» бала бакчасында бир баланын тамактануусу үчүн төлөм төмөнкү өлчөмдө бекитилсин: бир күнгө — 120 сом, бир айга — 2640 сом.
2. Тамак аш акысын төлөөдөн бошотуу жүйөлүү себеп боюнча гана (оорулуу, маалымат кат менен) каралат.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо бюджет, финансы, муниципалдык менчик, архитектура, курулуш жана транспорт, тышкы экономикалык байланыштар жана ишкердик ишмердүүлүк боюнча комиссияга жүктөлсүн.
2026-жылдын 9-апрелинде http://petrovka.kg/?m=202604 расмий сайтында жарыяланды
Төрага | Ж.К. Маматкеримов |