Загрузка документа…
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу шаардык кеңешинин кезектеги VIII сессиясы
2025-жылдын 10-июлу № 8/4
Кара-Суу шаарындагы Тельман 2 айылындагы №10 көчөсүнүн атын өзгөртүү жөнүндө
Кара-Суу шаарынын Тельман 2 айылынын тургундарынын арызынын жана Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндөгү” Мыйзамынын негизинде Кара-Суу шаардык кеңеши токтом кылат:
1. Кара-Суу шаарындагы Телман 2 айылынын №10 көчөсүнүн аты шаарга көп жылдык үзүрлүү эмгеги сиңген “Жоошбаев Бактыбек” атындагы көчө деп атоого тиешелүү иш кагаздары такталгандан кийин мыйзам чегинде уруксат берилсин.
2. Кара-Суу шаарындагы Телман 2 айылынын №10 көчөсүнүн жашоочулары менен жолугушуу уюштуруу аркылуу көчөнүн аты өзгөртүлүп жаткандыгы боюнча жеринде тиешелүү иштерди алып барсын.
3. “Жоошбаев Бактыбек” атындагы көчөнү таза кармоо, көрктөндүрүү, жашылдандыруу, жакшы абалда кароо жана аты өзгөртүлүнгөндүгүнө байланыштуу келип чыккан чыгымдарды көтөрүү жагы Жоошбаев Бактыбектин үй-бүлөөсүнүн мүчөлөрүнө тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын Кара-Суу шаар мэриясына, көзөмөлдөө Кара-Суу шаардык кеңешинин мыйзамдуулук, укук, мандат, тартипти чыңдоо, кеңештин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы |
| Ж.Т.Полотов |