Загрузка документа…
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу шаардык кеңешинин кезектеги VIII сессиясы
2025-жылдын 10-июлу № 8/5
Кара-Суу шаарындагы Эркин айылындагы 5 көчөгө ысым ыйгаруу жөнүндө
Кара-Суу шаарынын Эркин айылынын тургундарынын арызынын жана Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндөгү” Мыйзамынын негизинде Кара-Суу шаардык кеңеши токтом кылат:
1. Кара-Суу шаарындагы Эркин айылындагы 5 көчөнүн аты шаарга көп жылдык үзүрлүү эмгеги сиңген, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери “Темиров Зулпу” атындагы көчө деп атоого тиешелүү иш кагаздары такталгандан кийин мыйзам чегинде уруксат берилсин.
2. Кара-Суу шаарындагы Эркин айылындагы 5 көчөнүн жашоочулары менен жолугушуу уюштуруу аркылуу көчөнүн аты өзгөртүлүп жаткандыгы боюнча жеринде тиешелүү иштер алып барылсын.
3. “Темиров Зулпу” атындагы көчөнү таза кармоо, көрктөндүрүү, жашылдандыруу, жакшы абалда кароо жана аты өзгөртүлүнгөндүгүнө байланыштуу келип чыккан чыгымдарды көтөрүү жагы Темиров Зулпунун үй-бүлөө мүчөлөрүнө тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын Кара-Суу шаар мэриясына, көзөмөлдөө Кара-Суу шаардык кеңешинин мыйзамдуулук, укук, мандат, тартипти чыңдоо, кеңештин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы |
| Ж.Т.Полотов |