Загрузка документа…
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу шаардык кеңешинин кезектеги VIII сессиясы
2025-жылдын 10-июлу № 8/6
Кара-Суу шаарындагы Кара-Суу – Отуз-Адыр жолуна ысым ыйгаруу жөнүндө
Кара-Суу шаарынын Кара-Суу – Отуз-Адыр жолуна афган согушунун ардагерлеринин арызынын жана Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндөгү” Мыйзамынын негизинде Кара-Суу шаардык кеңеши токтом кылат:
1. Кара-Суу шаарындагы Кара-Суу – Отуз-Адыр жолуна Афган согушунун ардагерлеринин урматына “Афган ардагерлери” деп атоого тиешелүү иш кагаздары такталгандан кийин мыйзам чегинде уруксат берилсин.
2. Кара-Суу шаарындагы Кара-Суу – Отуз-Адыр жолундагы жашоочулары менен жолугушуу уюштуруу аркылуу көчөнүн аты өзгөртүлүп жаткандыгы боюнча жеринде тиешелүү иштер алып барылсын.
3. “Афган ардагерлери” атындагы жолун таза кармоо, көрктөндүрүү, жашылдандыруу, жакшы абалда кароо афган ардагерлерине тапшырылсын жана аты өзгөртүлүнгөндүгүнө байланыштуу келип чыккан чыгымдарды көтөрүү жагы Кара-Суу шаар мэриясына жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын Кара-Суу шаар мэриясына, көзөмөлдөө Кара-Суу шаардык кеңешинин мыйзамдуулук, укук, мандат, тартипти чыңдоо, кеңештин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы |
| Ж.Т.Полотов |