Загрузка документа…
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу шаардык кеңешинин кезектеги VIII сессиясы
2025-жылдын 10-июлу № 8/7
Кара-Суу шаар мэриясынын алдындагы “Кара-Суу Тазалык” муниципалдык ишканасынын тарифи жөнүндө
“Кара-Суу Тазалык” муниципалдык ишканасынын 2025-жылдын 03-июль №24 жана 25 сандуу каттарын угуп жана талкуулап Кара-Суу шаардык кеңеши токтом кылат:
1. Кара-Суу шаарынын айылдарында калкка коммуналдык кызмат көрсөтүүнүн тарифи:
- 2025-жылдын аягына чейин жеке турак үйлөргө туруктуу же убактылуу жашаган калктын катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу бир таштанды баштыгына (мүшөк) 40 сомдон калтырылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Кара-Суу шаар мэриясына жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышы көзөмөлдөө шаардык кеңешинин экономика, бюджет, инвестиция тартуу жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы |
| Ж.Т.Полотов |