Загрузка документа…
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу шаардык кеңешинин кезектеги VIII сессиясы
2025-жылдын 10-июлу № 8/8
Кара-Суу шаардык кеңешинин экономика, бюджет, инвестиция тартуу жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 17-июнундагы №4 протоколдук чечими жөнүндө
Кара-Суу шаардык кеңешинин экономика, бюджет, инвестиция тартуу жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 17-июнундагы №4 протоколдук чечимин жана Кара-Суу шаар мэриясынын 2025-жылдын 08-июль №01-13/3150 сандуу катын угуп жана талкуулап Кара-Суу шаардык кеңеши токтом кылат:
1. Кара-Суу шаардык кеңешинин экономика, бюджет, инвестиция тартуу жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 17-июнундагы №4 протоколдук чечими төмөндөгүдөй толуктоолор жана кошумчалар менен бекитилсин.
2. 2025-жылдын 10-июлуна карата тендерден үнөмдөлгөн жана ушул убакга чейин кылына элек иштерден сунуш кылынган 27 214 000 сом акча каражаты төмөкү иштерге бөлүнсүн;
Султан- Абад көчөсүнө асфалт төшөө иштерине 4 000 000 Кушбаков көчөсүнө асфальт төшөө иштерине 15 214 000
Манас мектебинин ажатканасына 2 000 000
Тельман атындагы мектептин ажатканасына 2 000 000
Кошумча иштерге (Ж.Бөкөнбаев, №134) 1 000 000
Мектепге 2 000 000
Балдар бакчаларына (Мөлтүр-Булак, 3 сааттык б.бак 650,0) 1 000 000
3. Айлыктан үнөмдөлгөн 2 400 000 сом, Ак-Өргөдөн балдар бакчага бөлүнгөн акчадан 2 млн, бюджеттик отурумда ашып калган 262 543 сом, Султан-Абадга бөлүнгөн акчадан 7 млн, шаардагы жолдорду жамоо иштерине бөлүнгөн 1 500 000 сом, Ж.Бөкөнбаев эс алуу багына бөлүнгөн акчадана 12 595 430 сом жалпысы 27 757 973 сом акча каражаты төмөкү иштерге бөлүнсүн:
Присавай суу тартууга 4 000 000
Ленин мектебине 150 000
Ар түрдүү чыгымдарга 350 000
Балдар аянтчасына 100 000
Кеңештин имаратына оңдоп түзөө 62 543
Ж.Аматов көчөсүнө кошумча акча каражаты 7 000 000
Таза-Суу ишканасына 1 500 000
Раджапов көчөсүнө 12 595 430
4. 2025-жылдын 6 айлыгынан кийин үнөмдөлгөн акчадан төмөнкү иштерге бөлүнсүн:
- Кара-Суу району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө керектелүүчү шаймандарды сатып алуу үчүн үнөмдөлгөн акчадан 500 000 сом.
- Эркин айылынын №46 С.Маматов мектебинин спорт залын оңдоп түзөө, жылытуу сиситемасын оңдоо иштерине 2 000 000 сом
- Ленин мектептин жаңы имаратына 1 000 000 сом
5. Токтомдун аткарылышы көзөмөлдөө шаардык кеңешинин экономика, бюджет, инвестиция тартуу жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы |
| Ж.Т.Полотов |