Загрузка документа…
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу шаардык кеңешинин кезектеги VIII сессиясы
2025-жылдын 10-июлу № 8/9
Бөлүнгөн акча каражаттардын беренесин өзгөртүү жөнүндө
Кара-Суу шаардык кеңешинин экономика, бюджет, инвестиция тартуу жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 17-июнундагы №4 протоколдук чечимин жана Кара-Суу шаар мэриясынын 2025-жылдын 08-июль №01-13/3150 сандуу катын угуп жана талкуулап Кара-Суу шаардык кеңеши токтом кылат:
1. Ак-Өргө балдар бакчасын куруу үчүн бөлүнгөн 15 000 000 сом жана латок үчүн бөлүнгөн 500 000 сом жалпы 15 500 000 сом акча каражаттын 8 980 000 сом акча каржаты төмөнкү иштерге өзгөртүлсүн:
- Ак- Өргөгө асфальт төшөө иштерине 5 155 000
- Ак- Өргөгө латок иштерине 1 825 000
- Ак- Өргөгө газ түтүктөрүн сатып алуу үчүн 1 500 000
- Балдар бакчасын куруу үчүн тишелүү иш кагаздарына 1 000 000
2. Кара-Суу шаарынын дене-тарбия жана спорт муниципалдык ишканасынын кызматтык сапарга чыгуу төлөмдөрүнө бөлүнгөн 2 500 000 сом акча каражаты, Газпром балдардын ден-соолугун чыңдоо борборундагы футбол аянтчасын курууга ММБДнин курулуштар беренесине жылдырылсын.
3. Бул токтомду мыйзам чегинде аткаруу жагы Кара-Суу шаар мэриясына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Суу шаардык кеңешинин экономика, бюджет, инвестиция тартуу жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы |
| Ж.Т.Полотов |