Загрузка документа…
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу шаардык кеңешинин кезектеги VIII сессиясы
2025-жылдын 10-июлу № 8/10
Жер аянтынын контурун которууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 2-июнундагы №45 “Жер кодекси” Мыйзамын 4-14-беренелерине ылайык жана 85-контурдагы 0.37 га сугат айдоо жерди 113- контурга которуу боюнча маселени угуп жана талкуулап, Кара-Суу шаардык кеңеши токтом кылат:
1. Кара-Суу шаарындагы Киров айылындагы 85-контурдагы 0.37 га сугат айдоо жерди 113- контурга которууга макулдук берилсин.
2. Бул токтомду аткаруу жагы шаар мэриясына жүктөлсүн.
3. Токтомду көзөмөлдөө жагы шаардык кеңешинин кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, курулуш, турак жай, жер маселелери жана жаратылышты коргоо боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы |
| Ж.Т.Полотов |