Загрузка документа…
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу шаардык кеңешинин кезектеги VIII сессиясы
2025-жылдын 10-июлу № 8/11
Кара-Суу шаарындагы №134 мектептин атын өзгөртүү жөнүндө
Кара-Суу шаарындагы №134 жалпы билим берүү негизги мектебинин 2025-жылдын 9-июнундагы №84 катын угуп жана талкуулап, Кара-Суу шаардык кеңеши токтом кылат:
1. Кара-Суу шаарындагы №134 жалпы билим берүү негизги мектебинин аты шаарга көп жылдык үзүрлүү эмгеги сиңген, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери “Колчок Козубаев” атындагы мектеп деп атоого тиешелүү иш кагаздары такталгандан кийин мыйзам чегинде уруксат берилсин.
2. Кара-Суу шаарындагы №134 жалпы билим берүү негизги мектебинин кызматкерлери, жергиликтүү жашоочулары менен жолугушуу уюштуруу аркылуу мектептин аты өзгөртүлүп жаткандыгы боюнча жеринде тиешелүү иштер алып барылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын Кара-Суу шаар мэриясына жүктөлсүн.
4. Токтомду көзөмөлдөө Кара-Суу шаардык кеңешинин мыйзамдуулук, укук, мандат, тартипти чыңдоо, кеңештин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы |
| Ж.Т.Полотов |