Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКСИЗ XIV СЕССИЯСЫ
(VI ЧАКЫРЫЛЫШ)
2025-жылдын 17-октябры № 104
Ош шаардык Кеңешинин төрагасынын коомдук башталыштагы орун басары А.З.Омурзаковду ээлеген кызмат ордунан бошотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 41-беренесине жана Ош шаардык Кеңешинин Регламентинин 6.1 пунктуна ылайык, Ош шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары Омурзаков Алымбек Замирбековичтин жеке арызынын негизинде, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1. Ош шаардык Кеңешинин төрагасынын коомдук башталыштагы орун басары Омүрзаков Алымбек Замирбекович ээлеген кызмат ордунан бошотулсун.
2. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын, жалпыга маалымдоо каржаттарына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3.Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси И.Абдыраимовго жүктөлсүн.
Төрага: | Б.Т. Баетов |