Загрузка документа…
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу шаардык кеңешинин кезексиз X сессиясы
2025-жылдын 31-июлу № 10/1
Кара-Суу райондук өнүктүрүү фондунан бөлүнүп жаткан акча каражатына макулдук берүү жөнүндө
Кара-Суу шаар мэриясынын 2025-жылдын 29-июль №01-13/3535 сандуу катынын жана 2025-жылдын 30-июль күнү Кара-Суу шаардык кеңешинин экономика, бюджет, инвестиция тартуу жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиянын кезектеги отурумунун №10 протоколун угуп жана талкуулап Кара-Суу шаардык кеңеши токтом кылат:
1. Кара-Суу шаарындагы Раджапов көчөсүн капиталдык оңдоп түздөөдөн өткөзүү үчүн 2 925,1 сом акча каражатын бөлүп берүү жагы Кара-Суу районунун өнүктүрүү фондунан суралсын.
2. Тийиштүү иш кагаздарын даярдоо, долбоорду аягына чыгаруу, акча каражаттарын максаттуу жана натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу Кара-Суу шаар мэриясына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун көзөмөлдөө жагы шаардык кеңешинин экономика, бюджет, инвестиция тартуу жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы |
| Ж.Полотов |