Загрузка документа…
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу шаардык кеңешинин кезексиз X сессиясы
2025-жылдын 31-июлу № 10/2
Кара-Суу шаарындагы Миялы айылына макам берүү жөнүндө
Кара-Суу шаар мэриясынын 2025-жылдын 31-июль №01-13/3585 сандуу катынын жана 2025-жылдын 31-июль күнү Кара-Суу шаардык кеңешинин кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, курулуш, турак жай, жер маселелери жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиянын кезектеги отурумунун №6 протоколун угуп жана талкуулап Кара-Суу шаардык кеңеши токтом кылат:
1. Кара-Суу шаарындагы Миялы аймагына айыл макамын берүүгө макулдук берилсин.
2. Тийиштүү иш кагаздарын даярдоо, долбоорду аягына чыгаруу Кара-Суу шаар мэриясына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун көзөмөлдөө жагы шаардык кеңешинин кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, курулуш, турак жай, жер маселелери жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы |
| Ж.Полотов |