Загрузка документа…
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу шаардык кеңешинин кезексиз X сессиясы
2025-жылдын 31-июлу № 10/4
Кара-Суу шаар аймагындагы шайлоо участкаларын схемаларын жана чек араларын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамынын негизинде “Шайлоо округдарынын жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө” жобого ылайык талкуулап Кара-Суу шаардык кеңеши токтом кылат:
1. Кара-Суу шаарындагы №5172 Тельман шайлоо участкасынын Тельман 1 көчөсү, Тельман 2 көчөсү, Тельман 3 көчөсү, Тельман 4 көчөсү, Тельман 5 көчөсү, Тельман 6 көчөсү, Тельман 7 көчөсү жакын жайгашкан №5501 ДАН-АЗЫК шайлоо участкасына жылдырууга макулдук берилсин.
2. № 5266 Линейный шайлоо участкасынын Комсомол көчөсү толугу менен №5268 Юбилейный шайлоо участкасына жылдырууга макулдук берилсин.
3. Тийиштүү иш кагаздарын даярдоо шаар мэриясына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун көзөмөлдөө жагы шаардык кеңешинин кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, курулуш, турак жай, жер маселелери жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы |
| Ж.Полотов |