Загрузка документа…
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу шаардык кеңешинин кезексиз X сессиясы
2025-жылдын 31-июлу № 10/5
Кара-Суу шаарындагы “Мөңгү-Суу” СПА ишканасын, ирригациялык курулмаларды Кара-Суу райондук суу чарбасына өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-апрелиндеги №207 сандуу токтомунуна ылайык жана Кара-Суу шаарындагы “Мөңгү-Суу” Суу Пайдалануучулар Ассосациясынын 2025-жылдын 22-июль №8 катынын жана шаар мэриясынын сунушун угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Суу шаардык кеңеши токтом кылат:
1. Кара-Суу шаарындагы “Мөңгү-Суу” Суу Пайдалануучулар Ассосациясынын (СПА) ишканасы жана карамагындагы ички чарбалык каналдарын Кара-Суу райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Кара-Суу шаарындагы “Мөңгү-Суу” Суу Пайдалануучулар Ассосациясынын (СПА) ишканасы жана карамагындагы ички чарбалык каналдарын Кара-Суу райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүү үчүн тиешелүү иш кагаздары даярдалсын.
3. Бул токтомдун мыйзам чегинде аткаруу жагы шаар мэриясына жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт, соода, байланыш, энергетика боюнча комиссиясына жүктөлсүн..
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы |
| Ж.Полотов |