Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезектеги 10 - сессиясы
2025-жылдын 14-октябры № 10/4
Жоош айыл өкмөтүнүнүн Кум Арык айылындагы
көп кабаттуу үйдүн короосун абаттоо,жаңы ажаткана куруу үчүн
даярдалган долбоорду,артыкчылыктуу долбоор деп табуу жөнүндө
Жоош айыл өкмөтүнүн проектилер менен иштөөчү адиси Асилбек уулу БекназардынЖоош айыл өкмөтүнүнүн Кум Арык айылындагы көп кабаттуу үйдүн короосун абаттоо, жаңы ажаткана куруу үчүн даярдалган долбоорду,артыкчылыктуу долбоор деп табуу жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жанаталкуулап чыгып Жоош айылдык Кеңешинин VIII-чакырылыш кезектеги 10 -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айыл өкмөтүнүнүн Кум Арык айылындагы көп кабаттуу үйдүн короосун абаттоо, жаңы ажаткана куруу үчүн даярдалган долбоор, артыкчылыктуу долбоор деп бекитилсин.
2. Кара Суу райондук өнүктүрүү фондунан,Жоош айыл өкмөтүнүнүн Кум Арык айылындагы көп кабаттуу үйдүн короосун абаттоо, жаңы ажаткана куруу үчүн даярдалган, артыкчылыктуу долбоорду колдоо үчүн 2570530 сом акча каражатын бөлүп берүү жагы суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестициялар, долбоорлор менен иштөө, ишкердик жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага: | А.Л.Зулпукаров |