Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезектеги 10 - сессиясы
2025-жылдын 14-октябры № 10/6
Зарбалик айылындагы “Ай Бүзү” бала бакчасына 2025 - 2026 - окуу жылына, кошумча 1- кенже топтогу 20-балага ылайык, тайпа ачууга уруксат берүү жөнүндө.
Жоош айылдык кенешинин катчысы А.Гайыповдун, Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы Зарбалик айылындагы “Ай Бүзү” бала бакчасына 2025 - 2026-окуу жылына, кошумча 1- кенже топтогу 20 - балага ылайык тайп ачууга уруксат берүү боюнча бала бакчанын башчысы А.Кедееванын кайрылуусун жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын кортундусу боюнча билдирүүсүн угуп жанаталкуулап чыгып Жоош айылдык Кеңешинин VIII - чакырылыш кезектеги 10 - сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы, Зарбалик айылындагы “Ай Бүзү” бала бакчасына 2025-2026-окуу жылына, кошумча 1- кенже топтогу 20-балага ылайык тайп ачууга уруксат берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жаштар иштери, спорт, социалдык-маданий, билим берүү, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо жана маданият боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага: | А.Л.Зулпукаров |