Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезектеги 11 - сессиясы
2025-жылдын 05-декабры № 11/1
Жоош айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын III-кварталынын жыйынтыгы боюнча айылдык аймактагы иштердин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын аткарылышы жөнүндө.
Жоош айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Н.Токторбаевдин, Жоош айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын III-кварталынын жыйынтыгы боюнча айылдык аймактагы иштердин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын аткарылышы жөнүндөгү билдирүүсүн жана бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестициялар, долбоорлор менен иштөө, ишкердик жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиянын 25.11.2025-жылдагы отурумунун протоколун жана кортундусун угуп жана талкуулап чыгып Жоош айылдык кеңешинин 8-чакырылыш кезектеги 11- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Н.Токторбаевдин, Жоош айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын III - кварталынын жыйынтыгы боюнча айылдык аймактагы иштердин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы, аймактын социалдык - экономикалык өнүгүү программасынын аткарылышы тууралуу отчету канааттандырарлык деп табылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестициялар, долбоорлор менен иштөө, ишкердик жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага: | А.Л.Зулпукаров |