Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезектеги 11 - сессиясы
2025-жылдын 05-декабры № 11/3
Жоош айыл өкмөтүнүн 2026-жылдагы бюджетинен, артыкчылыктуу долбоорлорду колдоо үчүн, акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө.
Жоош айыл өкмөтүнүн проектилер менен иштөөчү адиси Асилбек уулу Бекназарга Жоош айыл өкмөтүнүн 2026-жылдагы бюджетинен, артыкчылыктуу долбоорлорду колдоо үчүн, акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндөгү билдирүүсүн жана бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестициялар, долбоорлор менен иштөө, ишкердик жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиянын 25.11.2025-жылдагы отурумунун протоколун жана кортундусун угуп жана талкуулап чыгып Жоош айылдык кеңешинин 8 - чакырылыш кезектеги 11- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жоош айыл өкмөтүнүн 2026-жылдагы жергиликтүү бюджетинен, долбоорлорду колдоо үчүн:
-Жоош айыл аймагындагы чарбалык иштерди аткаруу үчүн экскаватор атайын техникасын сатып алуу үчүн, Жоош айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен өздүк салым 250 000 сом;
- Жоош айыл өкмөтүнүн Агартуу айылындагы № 43 Агартуу орто мектебине ажаткана куруу үчүн, Жоош айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен өздүк салым 284 960 сом;
- Дем берүүчү (үлүштүк) грантына даярдалган долбоорлор боюнча:
-Жоош айыл аймагына караштуу Маданият айылындагы Кабыл Маматов көчөсүнө асфальт төшөө үчүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен 3 980 368 сом;
- Жоош айыл аймагына караштуу Гайрат айылындагы Г.Бекешов көчөсүнө асфальт төшөө үчүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен 3 929 113 сом;
- Жоош айыл аймагына караштуу Маданият айылындагы Бердибай көчөсүнө асфальт төшөө үчүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен 890 708 сом;
- Жоош айыл аймагына караштуу Мамажан айылындагы № 41 Т. Бердибеков орто мектебине жылытуу системасын орнотуу үчүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен
1 284 959 сом;
- Жоош айыл аймагына караштуу Калинин айылындагы А.Оморов атындагы маданият үйүн капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен 637382 сом;
- Жоош айыл аймагына караштуу Агартуу айылындагы № 43 Агартуу орто мектебине жылытуу системасын орнотуу үчүн, жергиликтүү бюджетинин эсебинен 3 072 937 сом акча каражаттары бөлүнүп берилсин, ал эми Маданият айылындагы Абдураим Айтиев көчөсүнө асфальт төшөө үчүн даярдалган долбоор, артыкчылыктуу долбоор болуп бекитилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестициялар, долбоорлор менен иштөө, ишкердик жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага: | А.Л.Зулпукаров |