Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезектеги 11 - сессиясы
2025-жылдын 05-декабры № 11/4
Ар түрдүү маселелер ( № 43 Агартуу орто мектебинин атын өзгөртүү боюнча элдик жыйындын протоколун жана мектептин педагогикалык кенешмесинин чечиминкароо жөнүндө).
Жоош айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.Гайыповдун № 43 Агартуу орто мектебинин атын өзгөртүү боюнча 24.11.2025-жылдагы элдик жыйындын протоколун жана 22.11.2025-жылдагы мектептин педагогикалык кенешмесинин чечимин кароо жөнүндө жана ат коюп берүү боюнча26.11.2025-жылдагы А.Эркебаевдин арызы менен тааныштырды жана жаштар иштери, спорт, социалдык-маданий, билим берүү, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиянын кортундусун угуп жанаталкуулап чыгып Жоош айылдык Кеңешинин VIII - чакырылыш кезектеги 11- сессиясы:
1.Жоош айыл өкмөтүнүн Агартуу айылындагы № 43 Агартуу орто мектебинин 22.11.2025-жылдагы кезексиз педагогикалык кенешмесинин токтому, Агартуу айылынын 24.11.2025-жылдагы жалпы элдик жыйындын протоколунун токтомунун негизинде № 43 Агартуу орто мектебине Эркебаев Акбий Эркебаевичтин атын берүүгө макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жаштар иштери, спорт, социалдык-маданий, билим берүү, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо жана маданият боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага: | А.Л.Зулпукаров |