Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезектеги 11 - сессиясы
2025-жылдын 05-декабры № 11/5
Ар түрдүү маселелер ( Гайрат айылына балдар бакчасын курууга 1,0 га ФПСтин суулуу жеринен ажыратууга макулдук берүү,таза суунун тарифин жогорулатууга макулдук берүү, Ак Жар айылынан № 33 контурдан 0,26 га жайыт, № 42 контурдан 0,50 га жайыт, жалпы 0,76 га жайыт жерди мамлекеттик менчикке алууга макулдук берүү үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынанөнөр, жайынын,транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жана башка багыттагы жерлер категориясына которууга макулдук берүү жөнүндө)
Жоош айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.Гайыповдун Гайрат айылына балдар бакчасын курууга 1,0 га ФПСтин суулуу жеринен ажыратууга макулдук берүү, таза суунун тарифин жогорулатууга макулдук берүү, Ак Жар айылынан № 33 контурдан 0,26 га жайыт, № 42 контурдан 0,50га жайыт, жалпы 0,76 га жайыт жерди мамлекеттик менчикке алууга макулдук берүү үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан өнөр, жайынын,транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берүү жөнүндө билдирүүлөр келип түшкөнүн,бул билдирүүлөр жер боюнча туруктуу комиссияга жөнөтүлгөнүн айтып өттү. Бирок жер боюнча комиссия толук карап кортунду бере электигин айтты. Жоош айылдык кеңештин архитектура, жерге жайгаштыруу, курулуш, транспорт, жер, айыл чарба, суу чарба жана экология боюнча туруктуу комиссиясы жогрудагы маселелерди кароо үчүн топтоло албай жаткандыгын айтып, кийинки сессияга чейин кароону комиссиянын төрагасы Н.Жумабаев убада кылды.Жогорудагы маселелерди угуп жанаталкуулап чыгып Жоош айылдык Кеңешинин VIII-чакырылыш кезектеги 11- сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жоош айыл өкмөтүнүн Гайрат айылына балдар бакчасын курууга 1,0 га ФПСтин суулуу жеринен ажыратууга макулдук берүү, таза суунун тарифин жогорулатууга макулдук берүү,Ак Жар айылынан № 33 контурдан 0,26 га жайыт, № 42 контурдан 0,50 га жайыт, жалпы 0,76 га жайыт жерди мамлекеттик менчикке алууга макулдук берүү үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан өнөр, жайынын, транспорттун, байланыштын,
энергетиканын, коргонуунун жана башка багыттагы жерлер категориясына которууга макулдук берүү жөнүндөгү билдирүүлөр Жоош айылдык кеңештин архитектура, жерге жайгаштыруу, курулуш, транспорт, жер, айыл чарба, суу чарба жана экология боюнча туруктуу комиссиясында каралбагандыктан,бул маселелерди кароо кийинки сессияга калтырылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы архитектура, жерге жайгаштыруу, курулуш, транспорт, жер, айыл чарба, суу чарба жана экология боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага: | А.Л.Зулпукаров |