Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезектеги 11 - сессиясы
2025-жылдын 05-декабры № 11/6
Жоош айыл өкмөтүнүн, Мамажан айылындагы № 637 контурдагы
0,25 га коомдук курулуш болгон жер аянтына, таза суу чыгарган завод куруу үчүн, “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга жана муниципалдык менчикке алууга макулдук берүү жөнүндө.
Жоош айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.Гайыповдун,Жоош айыл өкмөтүнө караштуу, Мамажан айылындагы № 637 контурдагы 0,25 га коомдук курулуш болгон жер аянтына таза суу чыгарган завод куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан Өнөр, жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жана башка багыттагы жерлер категориясына которууга жана муниципалдык менчикке алууга макулдук берүү боюнча билдирүүсүн жана Жоош айылдык кеңештин архитектура, жерге жайгаштыруу, курулуш, транспорт, жер, айыл чарба, суу чарба жана экология боюнча туруктуу комиссиясы жогорудагы маселелерди карап кортунду кабыл алгандыгын билдирди. Жогорудагы маселелерди угуп жанаталкуулап чыгып Жоош айылдык Кеңешинин VIII-чакырылыш кезектеги 11-сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жоош айыл өкмөтүнүн Мамажан айылындагы № 637 контурдагы 0,25 га коомдук курулуш болгон жер аянтына таза суу чыгарган завод куруу үчүн муниципалдык менчикке алынсын жана “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан өнөр, жайынын,транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жана башка багыттагы жерлер категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы архитектура, жерге жайгаштыруу, курулуш, транспорт, жер, айыл чарба, суу чарба жана экология боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага: | А.Л.Зулпукаров |