Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 3-апрели № 218-т
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Франция Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Маданий борборлорду түзүү жана иштетүү жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басарына ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Франция Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Маданий борборлорду түзүү жана иштетүү жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Франция Республикасынын Өкмөтү, мындан ары Тараптар деп аталып,
эки өлкөнүн ортосундагы өз ара достукту жана маданият, билим берүү, илим, техника жана туризм чөйрөсүндөгү кызматташтыкты чыңдоо максатында,
1994-жылдын 3-июнунда Парижде кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Франция Республикасынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү, достук жана кызматташтык жөнүндө келишимди жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Франция Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Маданий жана илимий-техникалык кызматташтык жөнүндө макулдашууну көңүлгө алып,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
1. Француз Тарап кыргыз Тараптын макулдугу менен Бишкек шаарында Кыргызстандагы француз институту деп аталган маданий борборду ачат, ал эми кыргыз Тарап француз Тараптын макулдугу менен өз ара мамиле принцибине ылайык Париждеги кыргыз маданий борбору деп аталган маданий борборду Париж шаарында ачууга укуктуу. Аталган мекемелер мындан ары биргелешип Маданий борборлор деп аталат.
2. Ушул Макулдашуунун максаттары үчүн:
- кабыл алуучу Тарап - аймагында Маданий борбор түзүлүүчү мамлекетти билдирет;
- жөнөтүүчү Тарап - башка мамлекеттин аймагында Маданий борборду түзүүчү мамлекет дегенди билдирет.
2-берене.
1. Маданий борбор өзүнүн ишин Кабыл алуучу мамлекетте Жөнөтүүчү мамлекеттин дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн башчысынын жалпы жетекчилиги астында жүзөгө ашырат.
2. Ар бир Тарап өзүнүн Маданий борборунун персоналын дайындайт.
3. Маданий борбордун жетекчиси жана жетекчисинин орун басары жөнөтүүчү Тараптын дипломатиялык персоналынын мүчөлөрү боло алат жана тиешелүү артыкчылыктарды жана иммунитеттерди пайдалана алат.
4. Кабыл алуучу Тараптын жарандарын Маданий борборго ишке тартуу Кабыл алуучу тараптын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
5. Жөнөтүүчү Тараптын жарандары болуп саналган Маданий борбордун кызматкерлери, административдик-техникалык персоналы жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү Маданий борбордун ишин жүзөгө ашыруу үчүн кабыл алуучу Тараптын мамлекетинде Кабыл алуучу тараптын мыйзамдарына ылайык жүрүшөт.
6. Тараптар Маданий борбордун персоналын дайындоо тууралуу жана анын миссиясынын мөөнөтүн токтотуу тууралуу дипломатиялык каналдар аркылуу бири бирине алдын ала кабарлашат.
3-берене.
1. Кабыл алуучу Тараптын аймагындагы Маданий борбор өзүнүн ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарга ээ боло алат жана аларды жүзөгө ашыра алат жана милдеттерди аткара алат.
2. Тараптардын өз ара макулдугу боюнча кабыл алуучу Тараптын башка шаарларында Маданий борбордун бөлүмдөрү ачылышы мүмкүн.
4-берене.
1. Маданий борбор төмөнкүдөй милдеттерди аткарат:
1) маданият чөйрөсүндөгү макулдашууларды биргеликте ишке ашырууга, ошондой эле Тараптардын ортосундагы билим берүү, илим, маданият, маалымат, спорт жана туризм чөйрөсүндөгү башка эки тараптуу макулдашууларды ишке ашырууга катышат;
2) өзүнүн мамлекетинин тарыхы, искусство жана маданияты жөнүндө, ошондой эле илимий, маданий жана экономикалык потенциалы жөнүндө маалыматы кеңири коомчулукка жеткирет;
3) эки мамлекеттин илим, маданият жана билим берүү мекемелеринин ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө көмөктөшөт;
4) Кыргыз Республикасында француз тилин жана Франция Республикасында кыргыз тилин үйрөнүүгө көмөктөшөт;
5) эки мамлекеттин шаарлары менен региондорунун ортосунда гуманитардык, илимий жана маданий мамилелерди өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт;
6) эки мамлекеттин ортосунда маданият, билим берүү, гуманитардык илимдер, академиялык билим берүү, кесиптик даярдоо, туризм, илим жана техника чөйрөсүндө маалымат алмашууга көмөктөшөт.
2. Маданий борбор өз милдеттерине жетишүү максатында кабыл алуучу Тараптын мыйзамдарын сактоо менен мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, менчиктин ар кандай формаларындагы уюмдар жана мекемелер, ошондой эле жеке жактар менен түз байланыштарды түзөт.
5-берене.
1. Маданий борбор өзүнүн ишин кабыл алуучу Тараптын мыйзамдарын сактоо менен жана ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык коммерциялык эмес негизде жүзөгө ашырат.
2. Маданий борбор өзүнүн максаттарына ылайык жана учурдагы чыгымдарын жабуу үчүн Тараптардын бюджетинин чегинде төмөнкү иш-чараларды жүзөгө ашыра алат:
1) конференцияларды, симпозиумдарды, семинарларды, форумдарды, ошондой эле улуттук майрамдарга арналган аземдерди өткөрүү;
2) маданий иш-чараларды, анын ичинде концерттерди, фестивалдарды, театралдык оюн-зоокторду, көргөзмөлөрдү (китеп жарманкелери, кол өнөрчүлүк буюмдарынын көргөзмөлөрү, сүрөт көргөзмөлөрү, искусство чыгармаларынын көргөзмөлөрү) өткөрүү, көркөм жана документалдык фильмдерди көрсөтүү, ошондой эле аудиовизуалдык материалдарды жайылтуу;
3) маданий алмашуу программаларын ишке ашырууга, анын ичинде чыгармачыл коомчулуктун, жазуучулардын, окумуштуулардын, журналисттердин, коомдук ишмерлердин, студенттердин жана жаштардын визиттери менен алмашууларды уюштурууга көмөк көрсөтүү;
4) жөнөтүүчү Тараптын тилин жана маданиятын үйрөнүү боюнча аны аяктагандан кийин сертификат же диплом берилүүчү курстарды, ошондой эле француз же кыргыз тилдерин билүүнү өркүндөтүү жана квалификациясын жогорулатуу боюнча семинарларды уюштуруу;
5) китепканаларды, ресурстук борборлорду, көргөзмө залдарын жана маалымат такталарын түзүү;
6) Маданий борбордун имаратынын ичинде же анын чегинен тышкары кайрымдуулук максатында кайрымдуулук жарманкелерин жана башка иш-чараларды уюштуруу.
3. Маданий борбор өзүнүн учурдагы чыгымдарын, атап айтканда күнүмдүк суроо-талап товарларын жана кызмат көрсөтүүлөрүн сатып алууга кеткен чыгашаларын жабуу үчүн жана жылдык бюджеттик дотацияга кошумча ал өткөргөн иш-чараларга, тил курстарына жана экзамендерге катышкандыгы, өз медиатекасынын кызматтарын көрсөткөндүгү үчүн акы ала алат, ар кандай басма жана аудиовизуалдык материалдарды, ошондой эле маданият жана элдик чыгармачылык жаатындагы товарларды, анын ичинде китептерди, каталогдорду, мезгилдүү басылмаларды, билим берүү материалдарын, плакаттарды жана кол өнөрчүлүк буюмдарын сатууга Маданий борбордун өзү сатууну жүргүзгөн шартта сунуштай алат.
4. Маданий борбордун бардык кирешелери анын учурдагы чыгымдарын жабууга тийиш же кызматташтыктын башка долбоорлорун ишке ашырууга багытталууга тийиш.
6-берене.
1. Маданий борбор кабыл алуучу Тараптын тышкы саясий мамлекеттик органы жана башка компетенттүү мекемелери менен макулдашуу боюнча өз имаратынын чегинен тышкары ар кандай иш-чараларды уюштура алат.
2. Кыргызстандагы Француз институту 2019-жылдын 22-январында Ахенде кол коюлган Франция Республикасы менен Германия Федеративдүү Республикасынын ортосундагы Француз-герман кызматташтыгы жана интеграция жөнүндө келишимде каралган Бишкектеги Француз-немис маданий институтунун алкагында иш-чараларды өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасындагы Гёте-Институту менен күч-аракеттерин бириктире алат.
7-берене.
1. Ушул Макулдашуунун алкагында билим берүү ишин ишке ашыруу максатында Париждеги Кыргыз маданий борбору Франция Республикасынын тышкы саясат мамлекеттик органы жана билим берүү чөйрөсүндөгү тиешелүү мамлекеттик органы менен макулдашуу боюнча Франция Республикасына Кыргыз Республикасынын жарандарын кыргыз тилин окутуучулар катары чакыра алат.
2. Кыргызстандагы Француз институту Кыргыз Республикасынын тышкы саясат мамлекеттик органы жана билим берүү чөйрөсүндөгү тиешелүү мамлекеттик органы менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасына Франция Республикасынын жарандарын француз тилин окутуучулар катары чакыра алат.
8-берене.
Ушул Макулдашууну чечмелөөгө же колдонууга байланыштуу келип чыгышы мүмкүн болгон бардык талаш маселелер Тараптардын ортосунда консультацияларды жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жолу менен чечилет.
9-берене.
1. Ушул Макулдашуу 5 (беш) жылдык мөөнөткө түзүлөт жана кийинки беш жылдык мезгилге автоматтык түрдө узартылат, ал Тараптардын бири дипломатиялык каналдар аркылуу экинчи Тарапка ушул Макулдашуунун колдонулушун токтотуу ниети жөнүндө жазуу жүзүндө кабарлама жибергенге чейин күчүндө калат.
2. Бул учурда ушул Макулдашуунун колдонулушу экинчи Тарап аталган кабарламаны алгандан 6 (алты) ай өткөндөн кийин токтотулат.
3. Ушул Макулдашуунун колдонулушун токтотуу ушул Макулдашуунун алкагында жүзөгө ашырылуучу долбоорлорду ишке ашыруу менен байланышкан Тараптардын укуктарын жана милдеттерин козгобойт.
10-берене.
1. Ушул Макулдашуу анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Тараптардын аткаргандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү акыркы кабарламаны алган датадан тартып күчүнө кирет.
2. 2026-жылдын "____"_______________ ____________________ шаарында кол коюлган, ар бири кыргыз, орус жана француз тилдеринде эки түп нускада түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ.