Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 7-апрелиндеги № 233-т тескемеси менен жактырылган
2025-жылдын 27-июнунда Беларусь Республикасынын Минск шаарында кол коюлган Бир тараптан Евразия экономикалык бирлиги жана ага мүчө мамлекеттер менен экинчи тараптан Бириккен Араб Эмираттарынын ортосундагы Экономикалык өнөктөштүк жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ 2025-жылдын 27-июнунда Беларусь Республикасынын Минск шаарында кол коюлган Бир тараптан Евразия экономикалык бирлиги жана ага мүчө мамлекеттер менен экинчи тараптан Бириккен Араб Эмираттарынын ортосундагы Экономикалык өнөктөштүк жөнүндө макулдашууга (мындан ары - Макулдашуу) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу Макулдашууну ратификациялоо үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында даярдалган. Бул Макулдашуунун максаттары Евразия экономикалык бирлигине (мындан ары - ЕАЭБ) мүчө мамлекеттер менен Бириккен Араб Эмираттарынын (мындан ары - БАЭ) ортосундагы товарлар менен сооданы либералдаштыруу, жөнөкөйлөтүү жана кызматташтыкты өнүктүрүү болуп саналат. Макулдашууда бажы алымдарын нөлгө түшүрүү, соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү маселелери камтылган, коргоо чараларын колдонуу тартиби белгиленген, ошондой эле стандарттарды, техникалык регламенттерди жана шайкештикти баалоо жол-жоболорун, санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык чараларды колдонуу жөнгө салынган. Бажылык башкаруу, интеллектуалдык менчик, электрондук соода, мамлекеттик сатып алуулар, атаандаштык чөйрөлөрүндө жана башка тармактарда кызматташтыкты өнүктүрүү кошумча каралган. Макулдашуу ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен БАЭнин ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди чыңдоого багытталган жана аталган өлкөлөрдүн ортосундагы товар жүгүртүүнү көбөйтүүгө мүмкүндүк берет. Макулдашууну түзүү аркылуу кыргыз экспорттоочуларына БАЭ рыногуна кой эти, жаңгак, бал, эттин кошумча азыктары, эт консервалары, кургатылган жашылчалар, бодо малдын эти, жемиш ширелери, сүт азыктары, ошондой эле өнөр жай товарлары: кийим бычылмалары, таңгактоочу баштыктар жана пакеттер, синтетикалык жиптен тигилген костюмдар, пахта жиптен тигилген костюмдар, майкалар, фуфайкалар, чыңалуу лампалары сыяктуу негизги товарларды бажы алымдарысыз жеткирүүгө мүмкүндүк түзүлөт. Макулдашууну ишке ашыруу Кыргыз Республикасына товарлар менен соода жүргүзүү, кызмат көрсөтүүлөр жана инвестициялар чөйрөсүндө БАЭ рыногуна кеңири жеткиликтүүлүктү камсыз кылат, бул иш менен камсыз кылуунун көбөйүшүнө, кирешелердин өсүшүнө жана калктын сатып алуу жөндөмдүүлүгүнүн чыңдалышына алып келет. Макулдашуунун долбоору Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 2025-жылдын 23-июнундагы № 2 чечими менен жактырылган. "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Макулдашуунун долбооруна кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети (2025-жылдын 9-июнунда), Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети (2025-жылдын 9-июнунда) менен макулдашылган, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-июнундагы № 504-т тескемеси менен жактырылган. Макулдашуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерине ылайык келет жана белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт. "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык Макулдашуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине ратификациялоого киргизилет. Макулдашууну ратификациялоо кандайдыр бир терс финансы-экономикалык жана башка кесепеттерге, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинен кошумча каржылоого алып келбейт. |