Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 26-июну № 84
Мин-Булак айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын I жарым жылдыгына жергиликтүү бюджеттин киреше-чыгаша бөлүгүн тактоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 8-январындагы ПЖ№1 “Калктын жана ишкердик субъекттеринин салыктык түйшүгүн азайтуу жана салык салууну администрациялоону өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгынын аткарылышын камсыз кылуу максатында, Мин-Булак айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча башкы адиси Ягузова М.И.нин маалыматын угуп, Мин-Булак айыл аймагынын кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.11312100 Юридикалык жактардын транспорт каражаттарына болгон мүлк салыгынын планы 6,5 миң сомго азайтылсын;
2.11312200 Жеке жактардын транспорт каражаттарына болгон мүлк салыгынын планы 3075,0 миң сомго азайтылсын;
3.11321200 Айыл чарба жер тилкелерине болгон мүлк салыгынын планы 2375,7 миң сомго азайтылсын;
4.Жогорудагы долбоор алгачкы вариантында Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигине сунушталсын;
5.Ушул токтомдун аткарылышын Мин-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы камсыз кылсын;
6.Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү милдети бюджет, финансы, инвестиция жана гранттык долбоорлор боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрайым |
| Булазова Г.Т. |