Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 15-августу № 85
Александровка айылындагы физкультура-саламаттыкты сактоо комплексинин жана маданият үйүнүн имаратын ижарага берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине, Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы №37 «Муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамына ылайык, муниципалдык менчиктеги объекттерди ижарага берүүгө макулдук берүү боюнча Мин-Булак айыл өкмөтүнүн башчысынын маалыматын угуп жана талкуулап, Мин-Булак айыл аймагынын кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Мин-Булак айыл өкмөтүнө төмөнкү муниципалдык менчик объекттерин ижарага берүүгө макулдук берилсин:
1.1. Чүй облусу, Москва району, Александровка айылы, Спортивная көчөсүндө жайгашкан Физкультура-саламаттыкты сактоо комплексинин имараты;
1.2. Чүй облусу, Москва району, Александровка айылы, Фрунзе көчөсүндө жайгашкан Маданият үйүнүн имараты.
2.Мин-Булак айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык муниципалдык менчик объекттерин ижарага берүү тартибин өткөрсүн.
3.Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу айылдык кенештин билим берүү, саламаттык сактоо, социалдык-маданий маселелер, спорт жана жаштар иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым |
| Булазова Г.Т. |