Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 15-августу № 86
Мин-Булак айыл аймагынын көрктөндүрүү, көгөлтүрлөндүрүү
жана тазалыкты сактоо эрежелерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Мин-Булак айыл аймагында көрктөндүрүү, көгөлтүрлөндүрүү жана тазалыкты сактоо боюнча бирдиктүү талаптарды белгилөө максатында жана белгиленген эрежелеринин долбоорун карап чыгып, Мин-Булак айыл аймагынын кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Мин-Булак айыл аймагынын көрктөндүрүү, көгөлтүрлөндүрүү жана тазалыкты сактоо эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Ушул Эрежелер менчик формасына жана ведомстволук таандыктыгына карабастан, Мин-Булак айыл аймагында жайгашкан бардык жеке жана юридикалык жактар үчүн милдеттүү болуп эсептелсин.
3.Мин-Булак айыл өкмөтүнүн аппараты төмөнкүлөрдү камсыздасын:
– бекитилген Эрежелерди белгиленген тартипте жарыялоо;
– калк жана чарба жүргүзүүчү субъекттер арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
– Эрежелердин сакталышына көзөмөл жүргүзүү.
4.Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү айылдык кенештин жеке турак-жай курулушу, муниципалдык менчиктеги кыймылсыз мүлк жана жер тилкелерин берүү жана сатуу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым |
| Булазова Г.Т. |