Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 15-августу № 87
Мин-Булак айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө
Жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 18 жана 22-беренелерине ылайык, этика, регламент жана мандат боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Саркулов Б.К. тарабынан берилген «Мин-Булак айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө Жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» маалыматын угуп жана талкуулап, Мин-Булак айыл аймагынын кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык кеңештин 2024-жылдын 2-сентябрындагы №79 токтому менен бекитилген, Мин-Булак айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө Жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1) Жобонун II-бөлүмүндөгү 6-пункт «Ардактуу атуул» наамын ыйгаруу жөнүндө сунуштар каза болгондон кийин каралбайт» деген сөздөр алынсын.
3.Жобонун II-бөлүмүндөгү 8-пункт г) пункту менен толукталсын:
г) «Соттолбогондугу жөнүндө маалымкат берүү»
4.Жобонун III-бөлүмүндөгү 9-пунктундагы «Комиссиянын катчысы тарабынан ишке ашырылат» деген сөздөр «Мин-Булак айыл өкмөтү тарабынан ишке ашырылат» деп өзгөртүлсүн.
5.Жобонун V-бөлүмүндөгү 6-пунктундагы «Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнүндө, 31-августта, Мин-Булак айыл аймагынын салтанаттуу майрамдык иш-чарасында тапшырылат» деген сөздөр «Салтанаттуу иш-чарада тапшырылат. Тапшыруу датасы Мин-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан аныкталат» деп алмаштырылсын.
6.Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу айылдык кенештин этика, регламент жана мандат боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым |
| Булазова Г.Т. |