Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 15-августу № 88
Садовое айылында Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жер тилкесин
пайдаланууга берүү жөнүндө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин муктаждыктары үчүн жер тилкесин берүү жөнүндө Мин-Булак айыл өкмөтүнүн башчысынын кайрылуусун, ошондой эле муниципалдык менчиктеги кыймылсыз мүлк жана жер тилкелерин берүү жана сатуу боюнча айылдык кенештин туруктуу комиссиясынын корутундусун карап чыгып, Мин-Булак айыл аймагынын кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. №86123 аскер бөлүгүнө 480 чарчы метр аянттагы, №648 контурда жайгашкан жер тилкесин мөөнөтсүз пайдаланууга берүү үчүн Мин-Булак айыл өкмөтүнө макулдук берилсин.
2. Жер тилкесинин чек аралары, максаттуу пайдаланылышы жана пайдалануу мөөнөтү Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык аныкталып, укук белгилөөчү документтер менен бекитилсин.
3. Мин-Булак айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча бөлүмүнө тиешелүү кызматтар менен биргеликте жер тилкесин мөөнөтсүз пайдаланууга берүү жана аны каттоо боюнча зарыл иштер жүргүзүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу айылдык кенештин жеке турак-жай курулушу, муниципалдык менчиктеги кыймылсыз мүлк жана жер тилкелерин берүү жана сатуу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым |
| Булазова Г.Т. |