Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 15-августу № 89
Айыл өкмөтүнө техника алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамына ылайык, “Мамлекеттик лизинг компаниясы” ачык акционердик коомунун 2025-жылдын 30-июлундагы №1-08-2/210 кайрылуусунун негизинде, Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысынын милдеттерин аткаруучу М.Ж.Жылдызбековдун “Миң-Булак айыл өкмөтүнө «Мамлекеттик лизинг компаниясы» тарабынан лизингке «Шевролет-треккер» кызматтык автоунаа алуу жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Миң-Булак айыл өкмөтүнө «Мамлекеттик лизинг компаниясы» тарабынан лизингке кызматтык автоунаа «Шевролет-треккер» алууга макулдук берилсин.
2. Алынган автоунааларды лизингдин бүткүл мезгилине камсыздандыруусу жана лизингке алынган техникаларын өз эсебинен башка чыгышалардын акча каражаты каралсын.
3. Кызматтык автоунаанын төлөмдөрү 5 (беш) жыл аралыгында төлөө жагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык айыл өкмөтүнүн бюджетинен төлөнүп берилсин.
4. «Мамлекеттик лизинг компаниясы» ачык акционердик коому менен лизинг келишимине жана келишимден келип чыгуучу башка документтерге кол коюу укугу айыл өкмөтүнүн башчысынын милдеттерин аткаруучу М.Ж.Жылдызбековго жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кенештин бюджет, каржы, инвестиция жана гранттык долбоорлор боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрайым |
| Булазова Г.Т. |