Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 15-августу № 90
Айыл аймагында жашоочулардын тынчтыгын камсыз кылуу чаралары жөнүндө
Жарандардын тынчтыгын камсыз кылуу, коомдук тартипти сактоо максатында, Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-декабры № 194 “Тынчтык жөнүндө” Мыйзамынын негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө» мыйзамын жетекчиликке алып, Миң-Булак айыл аймагынын кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мин-Булак айыл аймагында жашоочулардын тынчтыгын камсыз кылуу максатында төмөнкү эрежелер киргизилсин:
- жумуш күндөрү (дүйшөмбү – жума) – саат 22:00дөн 07:00гө чейин;
- дем алыш жана майрам күндөрү – саат 22:00дөн 09:00го чейин.
2. Белгиленген убакытта тыюу салынат:
- үн чыгаруучу жабдууларды, музыкалык аспаптарды, пиротехникалык буюмдарды күчтүү колдонууга;
- иш-чараларды өткөрүүгө;
- курулуш, ремонттук иштерди жүргүзүүгө жана жашоочулардын тынчтыгын бузган башка аракеттерге.
3. Айыл өкмөтү участкалык милиция кызматкерилери менен биргеликте бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөйт.
4. Айыл өкмөтү ушул токтомду айыл аймагындагы жашоочуларга расмий маалымат булактары, жыйындар жана маалымат стендтери аркылуу жеткирсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын қөзөмөлдөө айылдык кенештин этика, регламент жана мандат боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым |
| Булазова Г.Т. |