Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 12-сентябры № 92
Миң-Булак айыл аймагынын калктуу конуштарынан таштандыларды чыгаруу үчүн чогултулуучу жыйымдын өлчөмүн 2026-жылга бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине, Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексинин 24-главасына ылайык, айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча башкы адиси М.И.Ягузанын маалыматын угуп, 2025-жылдын 12-сентябрындагы айылдык кенештин бюджет, финансы, инвестициялар жана гранттык долбоорлор боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде, Миң-Булак айыл аймагынын кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таштандыларды чыгаруу үчүн жыйымдын өлчөмүн 100 (жүз) сом өлчөмүндө белгиленсин:
• юридикалык жактарга
• жеке ишкерлерге
• ишкердик иш жүргүзүү үчүн пайдаланып жаткан имараттардын ээлерине.
Төлөө мөөнөтү жана эсептерди тапшыруу мөөнөтү 2026-жылдын 1-апрелине чейин деп аныкталсын.
2. Миң-Булак айыл өкмөтү бекитилген жыйымдын өлчөмдөрү тууралуу маалыматты айыл аймактагы тургундарга жеткирсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин бюджет, финансы, инвестициялар жана гранттык долбоорлор боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым |
| Булазова Г.Т. |