Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 12-сентябры № 93
Миң-Булак айыл аймагынын калктуу конуштарындагы үй-жай, үлүш жана бакча-жер тилкелери менен айыл чарбага жатпаган жер тилкелери үчүн 2026-жылга жер салыгын эсептөөдө зоналдык коэффициентти (К-3) белгилөө жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 404-беренесинин 4-пунктуна ылайык, Миң-Булак айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча башкы адиси М.И.Ягузанын маалыматын угуп жана айылдык кенештин бюджет, финансы, инвестициялар жана гранттык долбоорлор боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 12-сентябрындагы корутундусуна ылайык, Миң-Булак айыл аймагынын кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Миң-Булак айыл аймагынын төмөндөгү калктуу конуштарында жайгашкан үйдүн жанындагы, короо жай (бакча) жер тилкелери үчүн зоналдык коэффициент (К-3) 2,0 өлчөмүндө белгиленсин:
- Крупское айылы, Александровка айылы, Беш-Корук айылы, Сретенка айылы, Садовое айылы, Заря айылы, Большевик айылы.
2. Миң-Булак айыл аймагынын төмөндөгү калктуу конуштарында жайгашкан айыл чарба эмес жер тилкелери үчүн зоналдык коэффициент (К-3) 2,0 өлчөмүндө белгиленсин:
- Крупское айылы, Александровка айылы, Беш-Корук айылы, Сретенка айылы, Садовое айылы, Заря айылы, Большевик айылы.
3. Миң-Булак айыл өкмөтү ушул токтомду Москва району боюнча Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгына жөнөтсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин бюджет, финансы, инвестициялар жана гранттык долбоорлор боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым |
| Булазова Г.Т. |