Загрузка документа…
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мады айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын VI кезексиз сессиясы
2025-жылдын 13-июну № 6/1
“Каарман айылынын тургуну Айбатиев Турсунбай Тургунбаевичтин өзүнө тиешелүү болгон жеке менчик 0,88 га жер аянтына жеке менчик мектеп куруу үчүн которууга (трансформациялоо) макулдук берүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-июлундагы “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү” №145- мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2024-жылдын 4-ноябрындагы №665 токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү” убактылуу жобонун талаптарына жана Мады айыл айыл аймагынын Каарман айылынын тургуну Т.Т.Айбатиевдин өзүнө тиешелүү жеке менчигиндеги № 415 контурундагы 0,88 га сугат айдоо жер аянтына жеке менчик мектеп куруу үчүн”Айыл чарба багытындагы жерлер” социалдык багыттагы “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которуу жөнүндөгү Мады айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Базиевдин маалыматын жана Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 11-мартындагы №64- буйругу менен түзүлгөн комиссия тарабынан 2025-жылдын 25-апрелиндеги оң корутундусунун негизинде Мады айылдык кеңеши угуп жана талкуулап токтом кылат:
1. Мады айыл өкмөтүнүн Каарман айылынын тургуну Т.Т.Айбатиевдин өзүнө тиешелүү жеке менчигиндеги Каарман айылында жайгашкан №415 контурундагы 0,88 га сугат айдоо жер аянтына жеке менчик мектеп куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” социалдык багыттагы “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которуу макулдук берилсин.
2. Мады айыл өкмөтүнүн Каарман айылынын тургунун Т.Т.Айбатиевге жеке менчик мектеп куруу үчүн керектүү иш кагаздарын даярдоого тийиштүү мыйзам талаптарын сактоо менен иш жүргүзүү жагы тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин “Айыл чарбасы, жерге жайгаштыруу, кыймылсыз мүлктөрдү каттоо, экология, жаратылышты коргоо жана муниципалдык менчик, жеке менчик мүлк, өнөр жай, курулуш, транспорт, энергетика, өзгөчө кырдаал” боюнча депутаттык туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага |
| К.С.Темирбаев |