Загрузка документа…
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мады айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын VI кезексиз сессиясы
2025-жылдын 13-июну № 6/3
“Тээке айылыныдагы №22 Бегай Лапин кызы атындагы орто мектебинин 1,24 га жер аянтынан 0,45 га жер аянтына бала бакча куруу үчүн бөлүүгө макулдук берүү жөнүндө”
Тээке айылындагы №22 Бегай Лапин кызы атындагы орто мектебинин 1,24 га жер аянтынан 0,45 га жер аянтын бала бакча куруу үчүн бөлүп берүү жөнүндөгү Мады айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Базиевдин маалыматын жана Айыл чарбасы, жерге жайгаштыруу, кыймылсыз мүлктөрдү каттоо, экология, жаратылышты коргоо жана муниципалдык менчик, жеке менчик, өнөр жай курулуш, транспорт, энергетика, өзгөчө кырдаал боюнча депутаттык туруктуу комиссиянын 2025-жылдын 4-июнь отурумунун чечиминин негизинде Мады айылдык кеңеши угуп жана талкуулап токтом кылат:
1. Тээке айылындагы №22 Бегай Лапин кызы атындагы орто мектебинин 1,24 га жер аянтынан 0,45 га жер аянтына бала бакча куруу үчүн бөлүүгө макулдук берилсин.
2. Мады айыл өкмөтүнүн башчысы Н.К.Алимбековго тиешелүү иш кагаздарын даярдоого тийиштүү мыйзам талаптарын сактоо менен иш жүргүзүү жагы милдеттендирисин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин “Айыл чарбасы, жерге жайгаштыруу, кыймылсыз мүлктөрдү каттоо, экология, жаратылышты коргоо жана муниципалдык менчик, жеке менчик мүлк, өнөр жай, курулуш, транспорт, энергетика, өзгөчө кырдаал” боюнча депутаттык туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага |
| К.С.Темирбаев |