Загрузка документа…
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мады айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын VI кезексиз сессиясы
2025-жылдын 13-июну № 6/4
“Учкун айылынын №17 контурундагы 0,60 га жер аянтын которуу (трансформациялоо) жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-июлундагы “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү” №145- мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2024-жылдын 4-ноябрындагы №665 токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү” убактылуу жобонун талаптарына жана Мады айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 11-июнь №192 сандуу билдирүү катынын жана айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Базиевдин маалыматын Мады айылдык кеңеши угуп жана талкуулап токтом кылат:
1.Мады айыл өкмөтүнүн Учкун айылынын №17 контурдан 0,60 га жер аянтына өндүрүштүк ишкана куруу максатында “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жана башка жерлер” категориясына которуу макулдук берилсин.
2.Мады айыл өкмөтүнүн башчысы Н.К.Алимбековго тиешелүү иш кагаздарын даярдоого тийиштүү мыйзам талаптарын сактоо менен иш жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин “Айыл чарбасы, жерге жайгаштыруу, кыймылсыз мүлктөрдү каттоо, экология, жаратылышты коргоо жана муниципалдык менчик, жеке менчик мүлк, өнөр жай, курулуш, транспорт, энергетика, өзгөчө кырдаал” боюнча депутаттык туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага |
| К.С.Темирбаев |