Загрузка документа…
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мады айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын VI кезексиз сессиясы
2025-жылдын 13-июну № 6/5
“Көчөгө ат коюу жөнүндө”
Мады айыл аймагындагы Октябрь айылынын тургуну Аданов Кубатбектин арызынын жана Мыйзамдуулук, укук, тартипти сактоо, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча депутаттык туруктуу комиссиянын отурунун чечиминин, Кыргыз Республикасынын «Географиялык аталыштар жөнүндөгү» мыйзамынын 7–беренесин негиз кылып, Мады айылдык кеңеши угуп жана талкуулап токтом кылат:
1. Мады айыл аймагынын Октябрь айылындагы аты жок көчөгө Кубатбек уулу Үсөндүн ысымы ыйгарылсын.
2. Жаңыдан аталышка ээ болгон Октябрь айылындагы Кубатбек уулу Үсөн атындагы көчөгө көчө белгилерин жаздырып илдирүү, көчөнү жашылдандыруу, жолдорун оңдоо жана жарыктандыруу жагы жогорудагы ысымы ыйгарылган маркум Кубатбек уулу Үсөндүн жакын туугандарына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук, укук, тартипти сактоо, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча депутаттык туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| К.С.Темирбаев |