Загрузка документа…
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мады айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын VII кезектеги сессиясы
2025-жылдын 25-июлу № 7/1
“Мады айыл аймагынын Каарман, Достук, Жоош, Чагыр, айылдарына шайлоо участка ачуу жөнүндө”
“Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарды шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 13-беренесинин 4-бөлүгүнүн жана Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссиясы тарабынан 2020-жылдын 20-январындагы № 4 токтому менен “Шайлоо округдарын жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө” жобонун негизинде Мады айыл аймагынын Каарман, Жоош, Чагыр, Достук айылдарына жаңы шайлоо участкасын ачуу максатында Мады айылдык кеңеши угуп жана талкуулап токтом кылат:
1. Мады айыл аймагынын Каарман, Достук, Жоош жана Чагыр айылдарында жаңы шайлоо участкаларын ачууга макулдук берилсин.
2. Жаңы ачылган шайлоо участкалары боюнча участкалык шайлоо комиссияларынын резервдик курамы түзүлсүн. (тиркемеде көрсөтүлөт).
3. Жаңы түзүлгөн шайлоо участкаларын жана комиссия курамдарын Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясына бекитүүгө сунушталсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө алуу жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук укук, тартипти сактоо, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча депутаттык туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага |
| К.С.Темирбаев |