Загрузка документа…
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мады айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын VII кезектеги сессиясы
2025-жылдын 25-июлу № 7/2
“Кызматтык мамлекеттик ишканасы тарабынан жарандык абалын каттоо боюнча ыйгарым укуктарды айыл өкмөткө өткөрүп берүү боюнча келишимди бекитүү жөнүндө”
Кызматтык мамлекеттик ишканасы тарабынан жарандык абалын каттоо боюнча ыйгарым укуктарды айыл өкмөткө өткөрүп берүү боюнча келишимди бекитүү боюнча Мады айыл өкмөтүнүн жооптуу катчы-орун басары С.Бороновдун маалыматын угуп жана талкуулап Мады айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кызматтык мамлекеттик ишканасы менен Мады айыл өкмөтүнүн ортосунда жарандык абалын каттоо боюнча ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө келишимди бекитилсин.
2. Мады айыл өкмөтүнүн жооптуу катчы-орун басары С.Бороновко аталган келишим боюнча тиешелүү иш кагаздарды мыйзам чегинде жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук укук, тартипти сактоо, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча депутаттык туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага |
| К.С.Темирбаев |