Загрузка документа…
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мады айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын VII кезектеги сессиясы
2025-жылдын 25-июлу № 7/6
“Мады айыл өкмөтүнүн өзгөчө кырдаалдар боюнча адисинин маалыматы жөнүндө”
Мады айыл өкмөтүнүн өзгөчө кырдаалдар боюнча адиси Р.Камбаровдун маалыматын угуп жана талкуулап Мады айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Мады айыл өкмөтүнүн өзгөчө кырдаалдар боюнча адиси тарабынан берилген маалымат эске алынсын.
2. Мады айыл аймагындагы өзгөчө кырдаалдарга даярдык көрүү, алдын алуу жана жоюу, ыкчам аракеттерди көрүү боюнча иш план иштеп чыгуу жана аны иш жүзүнө ашыруу жагы өзгөчө кырдаалдын боюнча адис Р.Камбаровго жуктөлсүн.
3. Өзгөчө кырдаалдар боюнча адис тарабынан квартал сайын маалымат берүү милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин Айыл чарбасы, жерге жайгаштыруу, кыймылсыз мүлктөрдү каттоо, экология, жаратылышты коргоо жана муниципалдык менчик, жеке менчик, мүлк, өнөр жай, курулуш, транспорт, энергетика, өзгөчө кырдаал боюнча депутаттык туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага |
| К.С.Темирбаев |