Загрузка документа…
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мады айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын VII кезектеги сессиясы
2025-жылдын 25-июлу № 7/7
“Мады айыл өкмөтүнүн жер адистеринин жер мунапысы жана муниципалдык менчиктеги жерлердин, кыймылсыз мүлктөрдүн ижарага берилгендиги боюнча маалыматы жөнүндө”
Мады айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Базиевдин жер мунапысы жана муниципалдык менчиктеги жерлердин, кыймылсыз мүлктөрдүн ижарага берилгендиги боюнча маалыматын угуп жана талкуулап Мады айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Мады айыл өкмөтүнүн жер адистеринин жер мунапысы жана муниципалдык менчиктеги жерлердин, кыймылсыз мүлктөрдүн ижарага берилгендиги боюнча маалыматы эске алынсын.
2. Мады айыл өкмөтүнүн жер адистерине:
- Муниципалдык менчиктеги мүлктөрдүн ачык негизде ижарага берилишин камсыз кылуу.
- Жерди же мүлктү пайдаланбаган же келишимди бузган ижарачылар менен келишимдерди токтотуу боюнча мыйзам чегинде чараларды көрүү тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Айыл чарбасы, жерге жайгаштыруу, кыймылсыз мүлктөрдү каттоо, экология, жаратылышты коргоо жана муниципалдык менчик, жеке менчик, мүлк, өнөр жай, курулуш, транспорт, энергетика, өзгөчө кырдаал боюнча депутаттык туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага |
| К.С.Темирбаев |