Загрузка документа…
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мады айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын VII кезектеги сессиясы
2025-жылдын 25-июлу № 7/8
“Мады айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 6 айга социалдык багытка бөлүнгөн акча каражатынын сарпталышы жана өткөрүлгөн иш чаралар тууралуу маалыматы жөнүндө”
Мады айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 6 айга социалдык багытка бөлүнгөн акча каражатынын сарпталышы жана өткөрүлгөн иш чаралар боюнча Мады айыл өкмөтүнүн социалдык бөлүмүнүн башкы адиси Н.Торобекованын маалыматын угуп жана талкуулап Мады айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Мады айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын I жарым жылдыгына карата социалдык багыт боюнча бөлүнгөн каражаттардын сарпталышы жана өткөрүлгөн иш-чаралар тууралуу маалыматы эске алынсын.
2. Жылдын экинчи жарымында да социалдык багытка бөлүнгөн каржатты максаттуу, натыйжалуу жана ачык-айкын колдонуу, калктын социалдык көйгөйлөрүн аныктап, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жана жаштар үчүн программаларын иштеп чыгып, аткарууга алуу жагы социалдык бөлүмүнүн башкы адиси Н.Торобековага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жаштар иштери, спорт, маданият,билим, социалдык маселелер боюнча депутаттык туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| К.С.Темирбаев |